Бүгүн, 11-сентябрда Курулуш министрлигинде министрдин орун басары Бактыяр Станбековдун жетекчилиги алдында инженердик кызматтар менен өз ара аракеттенүүнү санариптик чечимдер аркылуу ишке ашыруу боюнча жыйын өттү.
Жыйынга Курулуш министрлигинин, “Бишкекбашкыархитектура” жана Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, ошондой эле шаардык техникалык кызматтардын адистери: “Бишкексууканал”МИси, “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы (филиалы “Бишкекгаз”), “Кыргызтелеком” ААК – БГТС, “Электросила” ЖЧКсы жана башка уюм, ишканалар катышты.
Жыйындын жүрүшүндө инженердик кызматтар менен макулдашуу процесси каралып, алардын ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрү аныкталып, өз ара аракеттенүүнү электрондук форматка өткөрүү боюнча сунуштар айтылды.
Жыйынтыгында министрдин орун басары техникалык тапшырмага тез арада өзгөртүүлөрдү киргизүү жана инженердик кызматтар үчүн модулду иштеп чыгууну тапшырды.
Долбоор ишке
ашырылса, бюрократиялык процесстер кыскарып, уруксат берүүчү документтерди алуу
мөөнөтү тездетилип, архитектура жана шаар куруу органдарына кайрылгандар үчүн
ыңгайлуу шарттар түзүлөт.


