icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Баткен шаарындагы сейил бактардын курулушу текшерилди

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Мамлекеттик архитектуралык-курулушта контролдоо департаментинин Баткен регионалдык башкармалыгы тарабынан Баткен шаарындагы курулуш объектилеринин сапатына текшерүү жүргүзүлдү.

Иш чаранын алкагында, “Жаштык” жана “Жеңиш” сейил багынын курулушундагы кемчиликтер аныкталды. Тагыраак айтканда, объектидеги курулуштун негизги баскычтары тапшырылбагандыгы жан курулумалардын лабораториялык корутундусу жок экендиги аныкталды. Ошондой эле, текникалык коопсуздук эрежелери толук сакталган эмес.

Сейил бактагы курулуш иштерин аткарып жаткан “Бишкек Тану иншаат лимитед ширкети” ЖЧКсына башкармалык тарабынан акт түзүлүп, жазма эскертме берилди. Мындан сырткары, админстративдик протоколдун негизинде айып пул салынды.