icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош: Сары-Могол айылында 140 орундуу бала бакча курулууда

Ош облусунун Алай районуна караштуу Сары-Могол айылында заманбап бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттен каржыланууда.  Объекттин жалпы наркы 86 миллион сомду түзөт.

Бала бакчанын жалпы аянты 1398 чарчы метрди түзүп, 140 орунга ылайыкталган. Азыркы тапта курулуш-монтаждоо иштери 65 пайызга бүткөрүлдү. Бала бакчаны ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.