icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Чолпон-Атадагы жаңы парктын эскиздик долбоору иштелип чыкты

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чолпон-Ата шаардык башкармалыгы тарабынан жаңы “Ынтымак паркынын эскиздик долбоору иштелип чыкты.

Эскиздик долбоорго ылайык, эс алуу багында жарандар үчүн ыңгайлуу шарттардын баары каралган. Аталган долбоор шаардагы коопсуздукту жана эстетикалык көрүнүштү камсыз кылган заманбап инфратүзүмгө багытталган.

Белгилей кетсек, жаңы “Ынтымак паркы Чолпон-Ата шаарынын 3-кичи районуна курулат.