icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ноокат районундагы кардиология бөлүмү жаңыланууда

Ош облусунун Ноокат районундагы аймактык кардиология бөлүмү көп жылдан кийин капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө. Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Учурда оңдоо иштери аяктап калды, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет.

Иштин жүрүшүндө имараттын фасады, чатыры, эшиктери жана полу алмаштырылып, ички курулуш-монтаждоо иштери аткарылды. 

Белгилей кетсек, кордиялогия бөлүмүнүн имараты 1989-жылы 40 койкалуу болуп курулган,  андан бери бир дагы жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес.