icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору керамограниттин сапатын текшерди

Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери Чүй облусунун Ивановкадагы Станция айылында жайгашкан керамогранит плиталарын чыгаруучу заводго барды.

Адистер ишканадагы өндүрүш жана үлгүлөрдү тандоо процесси менен таанышты. Продукция зыяндуу кошулмалардын жана радионуклиддердин жоктугу, суукка туруктуулугу жана сууну сиңирүүсү боюнча сыналат. Ар бир партия лабораторияда текшерилип, андан кийин гана шайкештик сертификатын алат.

Борбор, материалдардын сапатын көзөмөлдөө-бул курулуштардын ишенимдүүлүгүнө жана коопсуздугуна түздөн-түз таасир этээрин белгилейт.