icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Институтта техникалык кеңешме өттү

Бүгүн, 12-сентябрда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун кезектеги техникалык кеңешмеси өттү.

Кеңешменин максаты-“КР КЧ 20-02:2024”  стандарт талаптарына ылайык келбеген объектилер боюнча иштелип чыккан атайын техникалык шарттарды кароо.

Каралган объектилер:

1. Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө курулуп жаткан “Ош Сити” долбоорунун  IT-шаарчасындагы 16 кабаттуу “White House”  турак жай имараты.

2. Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылындагы “Фонтан” пансионаттынын А-таунхаустары жана А, Б,В,Г  тибиндеги батирлердин долбоору каралды.

Натыйжада, жогоруда көрсөтүлгөн объектилердин долбоору боюнча техникалык кеңешме тарабынан иштелип чыккан атайын техникалык шарттар кабыл алынды.