Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Түп айылында заманбап жаңы бала бакчанын курулушу толугу менен аяктап, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет.
Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Объекттин жалпы наркы 210 миллион сомду түздү. Жалпы аянты 2927 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат 275 орунга ылайыкталып курулду. Курулуш-монтаждоо иштери заманбап талаптарга ылайык толук аткарылды.


