Жер титирөөгө карата бир катар курулуш объектилери текшерилди
Бүгүн, 12-сентябрда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен жер титирөө болгондугуна байланыштуу бир катар курулуш объектилеринин абалы текшерилди.
Текшерүү министрликке караштуу Курулуш башкармалыгынын жетектөөсү менен Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун жана Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери тарабынан жүргүзүлдү.
Иш-чаранын алкагында, борбор калаада курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйлөрдүн, социалдык объектилердин абалы жана негизи конструкциялары каралды. Натыйжада, курулуп жаткан объектилерде кооптуу учур катталбагандыгы, жарака же кандайдыр бир өзгөрүлгөн элементтердин жоктугу аныкталды.
Эске салсак, бүгүн Кыргызстанда магнитудасы 4,2ге жеткен
жер титирөө катталды. Ал эми Бишкектеги силкинүүнүн магнитудасы 4кө жеткен.


