Бүгүн, Кыргызстанга “Ага-Хан" өнүктүрүү уюмунун негизги өкүлдөрү: ханзаада Рахим Ага Хан V, ханзаада Али Мухаммад Ага Хан, ханзаада Хуссейн Ага Хан жана ханыша Фарин Ага хан келди. Аталган конокторду “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары Самат Джантелиев тосуп алды.
Эртең 15-сентябрда Кыргызстанда биринчи жолу архитектура боюнча Ага Хан сыйлыгы тапшырылат. Иш-чаранын алкагында коомдук лекциялар, көргөзмөлөр уюштурулуп, 16-сентябрда академиялык семинар өткөрүлөт. Архитектура тармагындагы эң беделдүү эл аралык Ага Хан сыйлыгы үч жылда бир берилет жана байге фонду 1 миллион АКШ долларын түзөт.
Иш-чара Кыргыз Республикасы жана “Ага Хан” Өнүктүрүү уюмунун тең төрагалыгы алдында өтүп, ага дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан келген 150дөн ашуун расмий өкүлдөр, архитекторлор жана окумуштуулар катышат. Сыйлык тапшыруу аземи Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат, буга чейин 1992-жылы Борбор Азия боюнча биринчи жолу Самарканд шаарында (Өзбекстан) уюштурулган.
Белгилей кетсек, быйыл Кыргыз Республикасы менен “Ага Хан” Өнүктүрүү Уюмунун кызматташтыгына 25 жыл болду.


