icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Токтогул шаарындагы борбордук стадион расмий ачылды

Бүгүн, 14-сентябрда Токтогул шаарындагы реконструкциядан өткөн Эргеш Ормонов атындагы стадион расмий ачылды. 


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Кыргыз футбол биримдигинин Президенти Камчыбек Ташиев, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык министри Нурдан Орунтаев жана бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.


Ачылыш аземи Кыргыз Республикасынын Улуттук лигасынын "Токтогул"- "Базар-Коргон" футболдук клубдарынын беттеши менен коштолду.


Стадионду толук реконструкциядан өткөрүү Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашып, республикалык бюджеттен каржыланды. 


Белгилей кетсек, азыркы заманбап стадиондун аймагында буга чейин орун алган стадион 1980-жылы СССРдин борбору Москва шаарында өткөн Олимп оюндарынын урматына курулган. Кийинчерээк бул объектиге Эргеш Ормоновдун ысымы берилген.