Бүгүн, 15-сентябрда, Кыргызстанда биринчи жолу архитектура тармагындагы эң беделдүү эл аралык сыйлыктардын бири—Ага Хан сыйлыгы тапшырылды. Сыйлык тапшыруу аземи Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Жогорку Кеңештин депутаттары, ошондой эле курулуш жана архитектура тармагы боюнча дүйнөнүн булуң бурчунан келген 200гө жакын мейман катышты
Сыйлык тапшыруу аземинин расмий бөлүгүндө МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев, Ханзаада Рахим Ага Хан V жана Ага Хан сыйлыгынын директору Фаррух Дерахшани сөз сүйлөп, лауреаттарга сертификаттарды тапшырды.
Бул жылы сыйлыкка катышуу үчүн 400гө жакын долбоор сунушталып, алардын негизинде экспозициялардан турган чоң көргөзмө уюштурулду. Жыйынтыгында 19 финалист тандалып, анын ичинен 7 долбоор жеңүүчү деп аныкталды.
Алар:
1. Бангладеш-“Худи Бари” долбоору
2. Кытай-“Вусуту” кыштагы
3. Египет-“Тарыхый Эснанын кайра жаралышы” долбоору
4. Иран-“Маджара” комплекси
5. Иран-“Джахад” метро станциясынын аянты
6. Пакистан-“Вижн Пакистан”
7. Палестина-“Кереметтер бөлмөсү”
Жалпы байге фонду 1 миллион АКШ долларын түздү.
Иш-чара концерттик программа жана жалпы сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.


