icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Бишкек: Октябрь районунун Юнусалиев көчөсүн кыдыруу

Кыргыз Республикасынын шаар куруу жаатындагы мыйзамдарынын, ошондой эле КР СН 12-02:2018 “Курулуш өндүрүшүн уюштуруу” жана КР СН 12-01:2018 “Курулушта эмгекти коргоо” талаптарынын бузулушуна жол бербөө максатында Бишкек шаарынын Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо башкармалыгынын инспекторлору Бишкек шаарынын Октябрь районунун Юнусалиев көчөсүн кыдырды.

Аткарылган иштин жыйынтыгы боюнча Башкармалыктын реестри менен салыштыруу үчүн "Бишкекбашкыархитектура" МИсине тиешелүү суроо-талаптар жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен макулдашуу боюнча Башкармалык тарабынан 2025-жылдын IV кварталында бир катар объектилерге пландуу текшерүүлөр коюлган.

Бишкек шаарынын Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо башкармалыгы Кыргыз Республикасынын шаар куруу жаатындагы мыйзамдарын сактоо зарылдыгы жөнүндө эскертет.