icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жалал-Абад: Атай айылындагы бала бакчанын курулушу аяктап калды

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Атай айылындагы бала бакчанын курулуш иштери аяктап калды. Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Курулуштун наркы 62 миллион сомду түзөт.

Жалпы аянты 890 чарчы метр болгон эки кабаттуу имарат 100 орунга ылайыкталып, заманбап талаптарга жооп берет. Бала бакчанын ичинде уктоо, оюн жана тарбиялык бөлмөлөрү каралган.

Мындан тышкары, балдардын сергек жана активдүү өсүшү үчүн сырткы оюн аянчасы жана эс алуу жайлары да каралган.