Ош облусунун Ноокат районуна караштуу
Каранай айылында заманбап жаңы мектептин курулуш иштери башталды. Долбоор Турак
жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык
бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Жаңы билим уясы 225 окуучуга ылайыкталып,
эки кабаттуу окуу корпусунан, өтмө галереядан жана спорт залынан турат.
Объекттин жалпы аянты 3209 чарчы метрди түзөт.
Белгилей кетсек, айылдагы эски мектеп 200
орунга ылайыкталып 1990-жылы салынып, пайдаланууга берилген.


