Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы тарабынан курулуш объектилери текшерилүүдө.
Текшерүү учурунда Чүй облусунун Кожомкул айылында жайгашкан май куюучу жайдын жанында кошумча мыйзамсыз курулуп жаткан газ куючу курулуш объектиси аныкталды. “Альфа Ойл” ЖЧКсына таандык курулуш объектиси курулушка тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок башталгандыгы белгилүү болгон.
Буга чейин аталган объект боюнча эки жолу жазуу түрүндө эскертүү берилип, мыйзам бузууларды жоюуга 30 күн убакыт коюлган. Бирок талап толугу менен аткарылган эмес.
Натыйжада, Регионалдык башкармалык мыйзамсыз курулушту бузуу сунушун киргизген. Анын негизинде курулуш объектисин “Альфа Ойл” ЖЧКсы өз ыктыяры менен бузуп, аймак долбоорго ылайык баштапкы абалына келтирилди.
Курулуш министрлиги курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзам талаптарын так сактоо
зарылдыгын эскертет.


