Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кайрагач айылында 275 орундуу жаңы мектептин курулушу соңуна чыгып калды. Объект Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Курулуштун жалпы наркы 105 миллион сомду түздү.
Жаңы билим уясы төрт блоктон турат: эки кабаттуу окуу корпусу, өтмө галерея жана спорт залы. Жалпы аянты 2 262 м²ди түзүп, заманбап стандарттарга ылайык курулду.
Эске салсак, мектептин эски имараты 1960-жылы ашар жолу менен курулуп,
болгону 90 окуучуга ылайыкталган.


