icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Бишкек: Дагы эки көп кабаттуу үйдүн документтери тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен көйгөйлүү объектилер иликтенип, системалуу иштерден кийин документтери тапшырылууда.

15-сентябрда Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директорунун орун басары Руслан Суракматов борбор калаадагы көп жылдан бери маселеси чечилбей келген, көп кабаттуу эки турак үйдүн документин тапшырды.

Алар:

-№7 кичи районундагы Сухэ-Батор көчөсүнүн 49/3, 48/2, 49/4 дарегинде жайгашкан жер астындагы унаа токтотуучу жайы жана соода багытындагы жайлары бар көп кабаттуу турак үй

-Көк-Жар конушундагы Молдокулов көчөсү 10/1а дарегинде жайгашкан 9 кабаттуу турак үй.

Аталган объектилер курулуш компанияларынын айынан расмий пайдаланууга берилбей калган. Мындан улам документтер толук таризделбей, жашоочулар мүлктү өз атына каттай албай, документ иштеринде кыйынчылыктар жаралып келген. Ошондой эле, көп жылдан бери турак үйдүн жашоочулары коммуналдык кызматтарды өнөр жай тарифинде төлөп келген.

Министрдин тапшырмасы менен турак үйлөрдүн жашоочулары объектилердин пайдаланууга берүү боюнча шайкештик актыларын колуна алды.