icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Кыргызстанда архитектуралык семинар өткөрүлдү

Бүгүн, 16-сентябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Архитектуралык семинар” өткөрүлдү.

Семинарга Ага Хан сыйлыгынын директору Фаррух Дерахшани, Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги, “Ага-Хан” өнүктүрүү уюмунун өкүлдөрү, ошондой эле курулуш жана архитектура тармагындагы башка өлкөлөрдөн келген коноктор катышты.

Иш-чаранын алкагында, директор Фаррух Дерахшани, Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору Замира Кангелдиева сөз сүйлөдү.

Семинар Ага Хан сыйлыгында утушка жеткен долбоорлордун презентациясы жана суроо-жооптор менен коштолду.

Белгилей кетсек, 15-сентябрда Кыргызстанда биринчи жолу архитектура тармагындагы эң беделдүү эл аралык сыйлыктардын бириАга Хан сыйлыгы тапшырылды. Сыйлык тапшыруу аземи Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү.