icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик агенттиктердин кызматкерлери сыйланды

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинде ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар тапшырылды.

Сыйлоо аземин курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары Самат Джантелиев өткөрдү.

Сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин, ошондой эле Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин бир катар кызматкерлери алды.

Белгиленген кызматкерлер министрлик менен кызматташууда жогорку профессионалдуулугун көрсөтүп, мамлекеттик милдеттерди чечүүгө, тармакты өнүктүрүүгө жана ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын ийгиликтүү ишке ашырууга олуттуу салым кошушту.