Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы тарабынан курулуш объектилери текшерилүүдө.
Иш-чаранын алкагында, Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Социализм айылындагы Сүттү кайра иштетүүчү цехтин курулушу текшерилди.
Текшерүүдө, цехтин курулушунун техникалык регламенти, курулуш ченемдери, эрежелери жана алар менен байланышкан бир катар ченемдик укуктук актлардын бузулгандыгы аныкталды. Мындан улам, акт түзүлүп курулуш иштерин жургүзүп жаткан “Ала-Тоо Амир” ЖЧКсына 200 000 сом өлчөмүндөгү айып пул салынды.
Бүгүнкү күндө компания тарабынан курулуштагы кемчиликтерди жоюу иштери жүрүп жатат.
Курулуш министрлиги
курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзам талаптарын так сактоо зарылдыгын эскертет.