Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен көйгөйлүү объектилер иликтенип, системалуу иштерден кийин документтери тапшырылууда.
16-сентябрда Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директорунун орун басары Руслан Суракматов Бишкек шаарынын Огонбаев көчөсү, 222 дарегиндеги көп кабаттуу турак үйдүн документтерин тапшырды.
Аталган объектинин башкы подрядчысы “Би-Старт” ЖЧКсы болгон. Компания тарабынан көп кабаттуу объектинин тиешелүү документтери таризделбей, расмий пайдаланууга берилген эмес. Мындан улам, жашоочулар 15 жылдан бери мүлктү өз атына каттай албай, документ иштеринде кыйынчылыктар жаралып келген. Ошондой эле, көп жылдан бери турак үйдүн жашоочулары коммуналдык кызматтарды өнөр жай тарифинде төлөп келген.
Министрдин тапшырмасы менен, мурдагы жатакананын багыты
турак үйгө алмаштырылып, 97 батирлүү турак үйдүн пайдаланууга берүү боюнча
шайкештик актысы тапшырылды.