icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нарын: Баш-Кайынды айылындагы бала бакчанын курулушу уланууда

Ат-Башы районуна караштуу Баш-Кайынды айылында жаңы бала бакча курулуп жатат. Наркы 71 миллион сомду түзгөн долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Азыркы тапта курулуш иштери 70 пайызга жакын бүткөрүлдү. Жалпы аянты 1052 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат 120 орунга ылайыкталып, заманбап талаптарга жооп берген шарттар менен камсыздалат. 

Бул долбоорду ишке ашыруу айылдагы инфратүзүмдү жакшыртууга багытталган.