Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектуралык-курулушта контролдоо департаментинин Баткен регионалдык башкармалыгы тарабынан Кыргыз-Тажик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгы менен көчүрүлө турган айылдардын жашоочулары үчүн курулуп жаткан Жаңы Достук айылындагы объектилердин курулушу үзгүлтүксүз көзөмөлдөнүүдө.
Бүгүнкү күндө Бужум айылынын Чет-Булак аймагына жайгашкан Жаңы Достук айылынын курулушу кызуу жүрүп жатат. Жалпы аянты 57 гектарды түзгөн айылда 181 үйдүн курулушунан сырткары социалдык объекттердин да курулушу башталган.
Башкармалык тарабынан жүргүзүлүп турган үзгүлтүксүз көзөмөлдүн максаты-объектилердеги курулуш нормалары менен эрежелеринин сакталышына көңүл буруу. Ошондой эле, сапаттуу курулушка карата материалдардын ылайыктуулугу, техникалык талаптардын аткарылышы да көзөмөлгө алынууда.
Эске салсак, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек
араларын делимитациялоонун жыйынтыгында, Баткен районунун Кара-Бак айыл
аймагынын Достук айылынын тургундарын көчүрүү үчүн, жаңы турак жай комплексинин
курулушу башталган.
Жаңы турак жай аймагына, Баткен районунун Ак-Татыр жана
Самаркандек айыл аймактарынын айрым участкаларынын тургундары да жайгашат.


