icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Квалификациялык сертификат алуунун жол-жоболору жөнөкөйлөтүлдү

Мамлекеттик квалификациялык сертификат — бул сиздин кесиптик жана билим деңгээлиңизди мамлекеттик деңгээлде тастыктаган расмий документ.

Курулуш министрлигинде квалификациялык сертификат алуунун тартиби мурдагыга салыштырмалуу кыйла жөнөкөй жана жарандар үчүн ыңгайлуу болуп калды.

Буга чейин жарандар 10–12 адамдан турган комиссиянын суроолоруна жооп берип, жыйынтыгын билүү үчүн 2–3 күн күтүшчү. Эгерде талапкер сынактан өтпөй калса, кайра тапшыруу мүмкүнчүлүгү бир жылдан кийин гана берилчү.

Азыркы жөнөкөйлөтүлгөн тартипке ылайык, процесс бир топ жеңилдетилди:

1. Документтерди жөнөтүү. Алгач министрликтин расмий сайтындагы “Онлайн сертификат алуу” бөлүмүндө көрсөтүлгөн документтерди ПДФ форматында даярдап, certification.minstroy@mail.gov.kg

 электрондук дарегине жөнөтөсүз.

2. Документтерди кароо. Жиберилген документтер 5 күндүн ичинде текшерилет. Андан соң жаран 1 айдын ичинде компьютердик тестирлөөгө чакырылат.

3. Тестирлөө. Тандалган багыт боюнча 30 суроо берилет. Анын ичинен кеминде 21 суроого туура жооп берилсе, талапкер сынактан өттү деп эсептелет.

4. Кайра тапшыруу. Эгерде 21 туура жооп чогултулбаса, талапкер кийинки күнү эле кайра тапшыра алат. Бул үчүн 248 сом өлчөмүндө мамлекеттик төлөм төлөнүп, квитанция certification.minstroy@mail.gov.kg дарегине жөнөтүлүшү керек. 

5. Сертификаттын берилиши. Тесттен ийгиликтүү өткөн жарандын мамлекеттик квалификациялык сертификаты министрликтин расмий сайтындагы “Берилген сертификаттардын реестринде” жарыяланат. Бул реестр расмий документ болуп эсептелет.

Белгилей кетсек, жаңыдан кабыл алынган “Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификациялоону жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобого ылайык, компьютердик тестирлөөнү тапшыруу аракеттеринин саны чектелген эмес.