icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Талас: Кең-Арал айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу башталды

Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылында заманбап 140 орундуу бала бакчанын курулушу башталды. Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Объекттин жалпы наркы 101 миллион сомду түзөт.

Жалпы аянты 1397 чарчы метрди камтыган эки кабаттуу имарат бардык заманбап талаптарга жооп берет. Учурда курулуштун пайдубалы куюлуп, кийинки иштерди улантуу этаптарына өткөрүлдү.

Бул долбоор аймактагы социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталат.