icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

“Ала-Тоо Резорт” долбоору: Асма жолдун биринчи баскычы жактырылды

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинде министрдин орун басары Бакай Турдугуловдун төрагалыгы алдында инновациялык долбоорлор боюнча техникалык кеңештин кезектеги 13-жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда ишке ашырылып жаткан, жыл бою иштөөгө ылайыкталган “Ала-Тоо Резорт” тоо-туризм кластеринин курулушу боюнча маалымат угулуп, анын биринчи баскычы жактырылды.

Аталган долбоор мамлекеттик маанидеги долбоорлордун катарына кирип, Борбор Азиядагы эң ири туристтик демилгелердин бири болуп эсептелет. 

Долбоордун алкагында эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап инфратүзүм: мейманкана комплекстери, асма жолдор, ресторандар, тик учак конуучу аянтча жана башка объекттер курулат. 

Узундугу 3 947,61 метрди түзгөн асма жолун курууга өзгөчө көңүл бурулууда. 

Долбоордун биринчи баскычы ишке кирсе, аймакта жаңы жумуш орундары түзүлүп, туристтерди тартуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Муну менен региондун тоо туризм тармагындагы потенциалы артат. Асма жолдун долбоору жана курулушу европалык стандарттарга ылайык жүргүзүлүүдө.