icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жалал-Абад: С. Мирзалиев мектеби жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Курулуш айылында С. Мирзалиев атындагы мектептин курулушу аяктап, жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү алдында турат. Жалпы наркы 141 миллион сом. Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.

225 орунга ылайыкташтырылган билим уясы эки кабаттуу окуу корпусунан, өтмө галереядан жана спорт залынан турат.

Жаңы мектептин ишке берилиши Чаткал районундагы билим берүүнү жакшыртып, окуучуларга заманбап шарттарда билим алууга мүмкүнчүлүк түзөт.