icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жалал Абад: Уруксат кагазы жок курулуп жаткан объект токтотулду

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан курулуш объектилерине текшерүү жүргүзүлүүдө.

Иш чаранын алкагында Манас (мурунку Жалал-Абад) шаарынын Пушкин көчөсүндөгү 75 орундуу ооруукананын курулушу жана Эркиндик көчөсү 68 дарегиндеги курулуш объектиси текшерилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Эркиндик көчөсү 68 дарегинде курулуп жаткан объектинин эч кандай архитектуралык иш кагаздары жана уруксат кагаздары жок өз билемдик менен курулуп жаткандыгы аныкталды.

Мындан улам, курулуш иштери токтотулуп, бузууларды жоюу боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилди. 

Ал эми “Невада” ЖЧКсы тарабынан 75 орундуу ооруукананын курулушунда мыйзам бузууларга жол берилгендиги курулуштун ар бир этабы белгиленген тартипте тапшырылбагандыгы аныкталган.

Натыйжада акт түзүлүп, бузууларды жоюу боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилип, административдик протоколдун негизинде, айып пул салынды.