icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Бишкек: Көп кабаттуу үйдөгү асимметрия боюнча так маалымат

Урматтуу шаар тургундары жана социалдык тармактын колдонуучулары! 

Бишкек шаарынын Ауэзов көчөсү, 5/3 дарегинде курулуп жаткан көп кабаттуу турак үй жана андагы асимметриялуу коюлуп жаткан терезерели боюнча расмий маалымат төмөндөгүчө: 

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги аталган объект бекитилген долбоор боюнча курулуп жаткандыгын белгилейт. Көп кабаттуу турак үйдүн курулушу 2023-жылы “Делмар Групп” ЖЧКсы тарабынан башталган.

Көп кабаттуу турак үй скандинав стилинде долбоорлонгон. Ошондуктан терезелердин асимметриялуу жайгашуусу-бул архитектуралык долбоордо атайын каралган, заманбап дизайн чечими болуп эсептелет. Имараттын сырткы келбетине өзгөчө эстетика берүү максатында иштелип чыккан бул элементтер Бишкек шаарынын архитектура башкы башкармалыгы тарабынан тиешелүү тартипте макулдашылган. 

Фасаддык жана башка сырткы жумуштар аяктаганда, имарат өзүнүн заманбап жана эстетикалык көрүнүшүнө ээ болуп, расмий бекитилген дизайн-долбоорго толук ылайык келет. 

Белгилей кетсек, курулуш иштери Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан үзгүлтүксүз текшерилип келет.