Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин жыйындар залында инвестициялык климатты түзүү боюнча "Сиань Кытай темир жол материалдык компаниясы" ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө курулуш тармагы үчүн металл жеткирүү жаатындагы кызматташуу маселелери талкууланды. Ал эми продукциянын сапатына жана белгиленген талаптардагы шайкештигине өзгөчө көңүл бурулду.
Министрдин биринчи орун басары Самат Джантелиев мындан аркы кызматташууну ишке ашыруу үчүн, аталган компания Курулушта сертификаттоонун республикалык борборундагы шайкештик баскычтарынан өтүү керектигин белгиледи.
Курулуш
министрлиги ишенимдүү өнөктөштөрдү тартуу жана өлкөнүн инвестициялык
потенциалын өнүктүрүү боюнча шарттарды түзүү үчүн активдүү иштерди улантууда.


