icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Беларусь: Кыргыз делегациясы эл аралык “BUDEXPO – 2025” форумуна катышты

17-19-сентябрь күндөрү аралыгында Беларусь Республикасынын борбору Минск шаарында “BUDEXPO – 2025” XXVII эл аралык архитектура-курулуш форуму өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу баштаган расмий делегация катышып келди. 

Эл аралык форумга Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрбол Султанбаев да катышты. Ал Кыргызстан менен Беларусь Республикасынын ортосундагы курулуш жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин белгиледи.

Форумда:

-              Иш-чаранын расмий бөлүгү;

-              Курулуш тармагынын учурдагы абалы жана келечектеги өнүгүү жолдору боюнча пленардык жыйын өттү;

-              “Архитектура жана курулуш” темасындагы илимий-практикалык конференциялар,

-              Ландшафттык архитектура, шаардын визуалдык чөйрөсү, санариптештирүү, BIM-технологиялары,

-             Жаштарды тармакка тартуу, кесиптик стандарттар жана кадрларды кайра даярдоо сыяктуу темаларда атайын секциялар уюштурулду;

-              Курулуш материалдарын жана шаймандарын колдонуу боюнча практикалык демонстрациялар көрсөтүлдү;

Форумдун жүрүшүндө Кыргызстандан барган делегация мүчөлөрү кесиптештери менен тажрыйба алмашып, тармактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бир катар жолугушууларды өткөрдү. Ошондой эле, иш-чараны эл аралык стандарттарга негизделген жаңы технологиялар жана ченемдик базаларды өркүндөтүү багытында пайдалуу маалыматтар коштоду.

Белгилей кетсек, “BUDEXPO – 2025” форуму Борбордук жана Чыгыш Европадагы эң ири кесиптик платформалардын бири болуп саналат. Аталган иш-чарага 20дан ашык өлкөнүн өкүлдөрү, архитектура жана курулуш тармагындагы адистер, өндүрүшчүлөр, долбоорлоочу уюмдар жана мамлекеттик органдар катышты.