Көп жылдан бери каралбай келген Сокулук районунун борбордук стадиону толук реконструкциядан өтүп, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет.
Бүгүн, 20-сентябрда Курулуш министри Нурдан Орунтаев стадиондун реконструкциясы жана спорт комплекстин курулуш иштери менен жеринде таанышты. Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттен каржыланууда.
Стадионду жаңылоо иштери 2024-жылы башталып, учурда 95 пайызга жакыны бүткөрүлдү. Жаңы спорт жайы заманбап талаптарга жооп берип, эл аралык стандарттардын негизинде курулууда.
Долбоор боюнча стадион 2200 көрүүчүгө ылайыкталып, жалпы аянты 1,5 гектарды түзөт.
Жакынкы күндөрү спорт сүйүүчүлөрү жаңы стадиондун эшигинен аттап, заманбап шартта оюн-зоокторго күбө боло алышат.


