icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Чүй: Б.Бейшеналиева мектеби жакында пайдаланууга берилет

Курулуш министри Нурдан Орунтаев Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылындагы Б.Бейшеналиева атындагы 1400 орундуу мектептин капиталдык оңдоо иштери менен жеринде таанышты.

Мектепти жаңылоо иштери 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, учурда аяктоо этабында турат. Капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин тендердик баасы 173,6 млн сомду түзгөн.

Белгилей кетсек, мектептин биринчи окуу корпусу 1964-жылы, ал эми экинчи корпусу 1984-жылы курулган. 

Жакынкы күндөрү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн Б.Бейшеналиева атындагы мектеп заманбап шартта пайдаланууга берилет.