Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Бир-Булак айылында наркы 192 миллион сомду түзгөн О.Турусматов атындагы мектептин курулуш иштери аяктап калды.
Бүгүн, 20-сентябрда Курулуш министри Нурдан Орунтаев жаңы билим уясынын курулуш этабы менен жеринде таанышты. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, ишке ашырылууда.
Жаңы мектеп 275 орунга ылайыкталып, эки кабаттуу окуу корпусунан, өтмө галереядан жана спорт залынан турат. Азыркы тапта курулуш иштери 90 пайызга бүткөрүлүп, мектепти жыл аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.


