icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нарын: Кочкордогу борбордук стадиондун ири реконструкциясы башталды

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлү менен Нарын облусунда бир катар маанилүү социалдык объектилердин курулушу ыкчам түрдө башталды. Алардын ичинде Кочкор районундагы эски борбордук стадиондун реконструкциясы бар.

21-сентябрда Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тапшырмага ылайык, Нарын облусуна иш сапары менен барып, жүрүп жаткан иштердин абалы менен жеринде таанышты.

Иш сапардын алкагында министр Кочкор районундагы эски борбордук стадиондун жайгашкан аймагын кыдырып, реконструкция боюнча жаңы долбоордун аткарылышы менен таанышып чыкты. Министр объект өз убагында жана сапаттуу бүткөрүлүшү керектигин жана бул маселе өлкө жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө экенин баса белгиледи.

Стадион ири реконструкциядан кийин, райондогу жаштар жана спорт сүйүүчүлөрү үчүн заманбап шарттар түзүлүп, дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө чоң түрткү болот.