21-сентябрда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Нарын облусуна иш сапары менен барып, Кочкор районунда жаңы курулуп жаткан оорукананын абалы менен таанышты.
Министр объектинин курулушун өз убагында сапаттуу бүткөрүүнү тапшырып, мамлекет башчысынын жеке көзөмөлүндө экенин белгиледи.
Бул долбоор район тургундарына медициналык кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу жана дарылануудагы заманбап шарттарды түзүүгө багытталган.
Белгилей кетсек,
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин
жеке көзөмөлү менен Нарын облусундагы бир катар маанилүү социалдык объектилер
курулат. Анын ичинде Кочкор району бар.


