icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Кыргызстанда биринчи жолу 40 кабаттуу комплекс курулат

Бүгүн, 22-сентябрда борбордун түштүк бөлүгүндө көп функцианалдуу комплекстин салтанаттуу түрдө мезгил кутусу салынды. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 40 кабаттуу “Хан-Теңири” аталышындагы мунара курулат. Бул жаңы доордун башталышы жана өлкөнүн чоң максаттарга умтулуусунун белгиси болуп саналат.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жана бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Министр Нурдан Орунтаев “Кабар” агенттигине берген маегинде: “Азыр Кыргызстанда 100 метрден өйдө бийиктиктеги имараттар курулуп жатат. Эки жылдан бери байкоо жүргүзүп, анын негизинде андан ушундай жыйынтыкка келдик. Учурда кытайлык инвестордун 40 кабаттуу имарат куруу мүмкүнчүлүгү бар. Негизи республикада бийиктиги 27 кабаттуу имараттар бар жана 35 кабатка чейинки объектилер курулуп жатат, эми 40 кабатка жетүү мүмкүнчүлүгү пайда болуп олтурат.  Ал эми куруучулар үчүн башкы талап-бул толук экономикалык өз алдынчалык жана сейсмикалык коопсуздук нормаларын сактоо, анткени өлкө сейсмикалык активдүүлүгү 8 баллга чейинки аймакта жайгашкан.”-деп билдирди.

Белгилей кетсек, “Хан-Теңири” борбордун түндүгүнөн Абсамат Масалиев проспектисине, чыгышынан Токтоналиев көчөсүнө жакын жайгашып, батыш тарабына жаңы жол салынат. Бул долбоор-жаңы доордун символу, Кыргызстандын архитектуралык сыймыгы жана дүйнөгө өлкөбүздүн ачык-айкын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөткөн ири иш-чара.