“Манас” эл аралык
аэропортунунун “Манас-1” бөлүгүндө аэробекет комплексин кеңейтүү жана
заманбаптоо багытындагы ири реконструкция иштери уланып жатат. Курулуш иштери
Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана утарк жай-коммуналдык чарба
министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан
көзөмөлдөнүүдө.
Белгилей кетсек,
реконструкция иштери ушул жылдын июль айында башталган. Анын эскиздик долбоору
Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти
тарабынан иштелип чыккан.
Бүгүнкү күндө:
- Батыш тарабындагы эстакаданын
демонтаждоо иштери соңуна чыгып калды;
- Аэропорттун ичиндеги бийик
шыптарды жасалгалоо, төшөлмө (стяжка) куюу жана экинчи кабатка гранит таштарды
төшөө иштери жүрүп жатат;
- Эстакадада желдетүүчү түтүктөрдү
орнотуу уланууда.
Реконструкция
иштери аяктагандан кийин, “Манас” эл аралык аэропорту жүргүнчүлөрдү кабыл алуу,
тейлөө жана коопсуздук жаатында эл аралык талаптарга жооп берген жаңы деңгээлге
көтөрүлөт.


