Ысык-Көл облусунун
Түп районуна караштуу Бирлик айылындагы 100 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу
кызуу жүрүп жатат.
Бала бакча
республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери 2024-жылы башталган.
Объектинин жалпы аянты 946 чарчы метрди түзөт.
Эки кабаттуу бала
бакча заманбап талаптарга ылайык курулуп, балдар үчун бардык шарттар каралууда.
Ал эми курулуш
иштери Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин
көзөмөлүндө.


