Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Нарын облусуна иш сапары менен барып, Кочкор районунда курула турчу спорт комплексине бөлүнгөн жерди көрүп, долбоору менен таанышты.
Бул долбоор район тургундарынын дени сак жашоосуна жана келечек муундун спорт менен машыгуусуна өбөлгө түзөт.
Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлү менен Нарын облусундагы бир катар маанилүү социалдык объектилер курулат.


