2025-жылдын
22-сентябрында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба
министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик
долбоорлоо мамлекеттик институтунда кеңешме болуп өттү.
Күн тартибинде: КР КЧ 40-04:2025 “Имараттардын ички суу түтүгү жана канализациясы” 2025-жылдын 10-февралындагы № 87-чуа буйругу менен бекиген документтин алкагында талкуу болду.
Кеңешмеге Бишкек
мэриясы, “Бишкексууканал” жана “Бишкек жылуулук тармагы" МИси, ошондой эле
“Эл аралык Куруучулар Ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинен ж.б
өкүлдөр катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө жогорудагы ченемдик документке ылайык, калктын чарбалык ичүүчү сууга болгон орточо күндүк керектөөсүн өзгөртүү боюнча маселелер кызуу талкууланды.
Жыйын соңунда
төмөнкү чечимдер кабыл алынды:
1. Суунун керектөөсү боюнча жылдык
мониторинг жүзгүзүү
2. “Бишкексууканал” МИсинен акыркы 3
жылдагы суу керектөө жана пайдалануу тууралуу маалымат алуу
3. Мониторингдин жыйынтыктарынын
негизинде КЧ 40-04:2025 ке тиешелүү толуктоолорду киргизүү


