Борбор Азиядагы
Экинчи Россия-Кыргыз билим берүү форумунун алкагында, Б.Н. Ельцин атындагы
Кыргыз-Россия Славян университетинде Кыргыз Республикасынын Курулуш,
архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги менен аталган
университет ортосунда меморандумга
кол коюу аземи болуп өттү.
Меморандумга Курулуш министринин орун басары Бактыяр Станбеков жана КРСУнун ректору Сергей Волков кол койду.
Меморандумдун максаты-курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба тармагындагы жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо, илимий изилдөө жана заманбап технологияларды ишке киргизүүдө узак мөөнөттүү өнөктөштүктү бекемдөө.
Эки тарап, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу менен тажрыйба топтоо, илимий конференцияларды уюштуруу, ошондой эле энергияны үнөмдөө, санариптештирүү жана курулуштун жер титирөөгө туруштуулугу жаатында инновациялык долбоорлорду өнүктүрүү боюнча макулдашты.
Меморандум мамлекеттин, илимдин жана билим берүүнүн күчүн
бириктирүүдө Кыргыз Республикасынын курулуш тармагынын туруктуу өнүгүүсүнө жана
адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болуп
эсептелет.


