icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нурдан Орунтаев “Манас” аэропортунун реконструкция иштери менен таанышты

Бүгүн, 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Манас” эл аралык аэропортунда жүрүп жаткан реконструкция иштери менен таанышты.

Министр объектиде жүрүп жаткан ишти өз убагында мөөнөтүнөн кечиктирбей сапаттуу бүтүрүү үчүн жумушчулардын санын максимум 200гө жеткирүү боюнча тапшырма берди. Ошондой эле, күндүзгү сменде туруктуу 120 ал эми кечки сменде 70-80 жумушчу иштөөсү керек экендигин белгиледи.

Эл аралык аэропортту реконструкциялоо долбоорун министрликке караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти иштеп чыкса, курулуш иштерин “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. 

Белгилей кетсек, “Манас” эл аралык аэропортун реконструкциялоо үстүбүздөгү жылдын эң маанилүү курулуш иштеринин бири болуп саналат. Аэропорттун инфратүзүмү болжол менен 39 миң чарчы метр аянтты ээлеп келген болсо, долбоорго ылайык, 18 миң чарчы метрге кеңейтилет. Мындан сырткары, заманбап skywalk-жабык өтмөгү курулат.

Ошондой эле, аэропорттун дизайны улуттук колориттин негизинде толук өзгөртүлүп Манас атанын эстелиги коюлат. Ошол эле учурда эл аралык стандарттарга толук жооп берет. Мындан сырткары, траволатор, эскалаторлор орнотулуп, долбоорго ылайык экинчи кабатта бийиктиги 8,8 метр, туурасы 15,5 метр, узундугу 255,5 метр болгон күтүү залы каралган.

Бүгүнкү күндө батыш эстакадасын демонтаждоо, ички жасалгалоо жана экинчи кабатта гранит таштарды төшөө иштери жүрүп жатат.