Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун кызматкерлери шагыл чыгаруучу заводдордун биринде текшерүү жүргүздү.
Буга чейин бул ишкана тиешелүү сертификатка ээ болуп, бирок анын мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу кайрадан текшерилди. Анткени сертификаттын мөөнөтүн узартуу үчүн чыгарылган материалдын сапатын кайрадан текшерүү зарыл.
Көчмө текшерүүнүн жүрүшүндө адистер өндүрүштүк аянттарды карап чыгып, документтерди текшерди. Андан ары лабораториялык сыноолор үчүн шагылдын үлгүлөрүн алышты. Лабораторияда анын курамын, майдалануу маркасын, чаң сымал жана чополуу бөлүкчөлөрдүн курамын, суукка туруктуулугун, ошондой эле жалпак жана ийне сымал түрлөрүнүн курамынын көрсөткүчтөрүн аныктоо боюнча сыноолор жүргүзүлөт.
Сыноолордун
жыйынтыгы боюнча, продукциянын сапат талаптарына шайкештиги жөнүндөгү жаңыланган
сертификат берүү чечими кабыл алынат.


