Ош облусунун Алай районуна караштуу Аскалы айылында наркы 42,6 миллион сомду түзгөн К.Белекбаев мектебинин курулушу бүткөрүлдү. Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттен каржыланды.
Жалпы аянты 736 чарчы метрди түзгөн жаңы мектеп заманбап талаптарга жооп берген эки кабаттуу окуу корпусу 100 орунга ылайыкталган. Жакынкы күндөрү билим уясы окуучуларга эшигин ачат.
Курулуш иштери 2024-жылы башталып, “Улар Транс” ЖЧКсы тарабынан аткарылды.


