Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Кара-Суу шаарындагы башкармалыгы тарабынан курулуш объектилери текшерилүүдө.
Иш-чаранын алкагында Кара-Суу районунун Талдык айылында курулуп жаткан туристик эс алуу борбору текшерилип, объект реестрге катталбагандыгы аныкталган. Курулуш иштери “Барселона групп” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүп жатканы маалым болду.
Натыйжада, Укук
бузуулар жөнүндө кодекси боюнча 200 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынып, жазуу
түрүндө эскертүү берилип, курулуш иштери токтотулду. Мамлекеттик
архитектура-курулуш контролдоо департаменти мыйзам бузууларга ыкчам чара көрүү
аркылуу курулуш тармагындагы мыйзамдуулукту камсыздоону улантат.


