icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Чолпон-Атада борбордук канализация куруу үчүн мыйзамсыз курулуштар алынууда

Чолпон-Ата шаарынын борбордук канализация системасын куруу долбоорунун алкагында тиешелүү даярдык иштери жүрүүдө. Долбоор Азия Өнүктүрүү Банкы (АӨБ) тарабынан каржыланып жатат.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Ысык-Көл облусундагы архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы, Ысык-Көл райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы Чолпон-Ата шаарынын мэриясы менен биргеликте Совет көчөсүндө жайгашкан мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө.

Борбордук канализация системасын курууда мыйзамсыз курулган объектилер тоскоолдук жаратып жаткандыгына байланыштуу демантаждоо иштери башталды. Долбоор мыйзамдагы бардык талаптарды сактоо менен ишке ашууда.

Борбордук канализациялык инфратүзүм – шаардын санитардык абалын жакшыртуу, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана калк үчүн заманбап шарттарды түзүү максатын көздөйт.

Министрлик тарабынан мындай долбоорлор Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүүгө, анын ичинде туризмди жана жашоо сапатын жакшыртууга салым кошо турган маанилүү иштер катары аткарылат.