icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Учурда өлкөдө канча социалдык объект курулууда?

Курулуш министрлиги тарабынан республика боюнча жалпы 256 социалдык объектте курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Бул долбоорлор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Алсак:

•             136 билим уясы;

•             64 бала бакча;

•             29 спорт объектиси;

•             11 саламаттык сактоо объектиси;

•             5 маданият үйү;

•             11 административдик имарат курулууда.  

Социалдык объекттердин курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери 122 социалдык объект бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.