Социалдык тармактарда Темир жолчулар (Пишпек паркы) паркында курулуш иштери жүргүзүлүп жатканы тууралуу маалымат тараган. Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаарындагы башкармалыгы тарабынан курулуш объектиси текшерилип, административдик чаралар көрүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө
аталган объектинин уруксат кагаздары жок, мыйзамсыз курулуп жаткандыгы аныкталды.
Маалым болгондой, ал жерге жеке ишкер В.Р.Валяев тарабынан коомдук тамактануучу жайдын
курулушу башталган. Натыйжада, курулуш иштери токтотулуп, Кыргыз
Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 144-беренесинин 1-бөлүгүнө
ылайык, мыйзам бузгандарга карата протокол түзүлүп 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салуу
тууралуу токтом чыгарылды.
Курулуш министрлиги эскертет: Кыргызстандагы курулуш иштери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, айрыкча “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлүшү зарыл. Эгерде курулуш тармагындагы мыйзам бузуулар аныкталса административдик жоопкерчиликке тартылат.
Ошондой эле,
министрлик бардык курулуш компанияларын жана жарандарды курулуш нормаларын
сактоого жана коомдук мейкиндиктерге урмат-сый менен мамиле кылууга чакырат.


